Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Франция: Полицияда иштеген аялдын өлүмү теракт катары иликтенүүдө


Франциянын Рамбуйе шаарындагы кандуу окуя болгон жер. 23-апрель, 2021-жыл.
Франциянын Рамбуйе шаарындагы кандуу окуя болгон жер. 23-апрель, 2021-жыл.

Францияда полицияда иштеген аялга кол салуунун террордук мотиви бар экенин антитеррордук прокурор Жан-Франсуа Рикар билдирди.

Рамбуйе шаарында полицияда ассистент болуп иштеген жаранды 23-апрелде мууздап кетишкен. Кол салуу полиция бөлүмүнүн айланасында болгон.

Шектүү атып өлтүрүлгөн. Анын аты-жөнү ачык айтылган жок.

Маалымат каражаттары кылмышка Тунистен келип, Францияда көп жылдан бери мыйзамсыз жашаган 36 жаштагы жаран барганын, окуя маалында ал радикал чакырыктарды кыйкырганын жазып чыгышты.

Француз президенти Эммануэль Макрон өз өлкөсү терроризмге каршы күрөшүп жатканын "Твиттердеги" баракчасы аркылуу маалымдады.

Тергөөнүн маалыматына караганда, былтыр күздө Францияда болгон бир катар теракттарды радикал исламчылар ишке ашырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG