Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:25

Президент Жапаров кумар оюндарына жол ачкан мыйзам долбоорун колдоду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын расмий сайтында президенттин төмөнкү цитатасы жарыяланды:

"Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы "кара пиар" жасап жатышат".

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алынды. Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди.

Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу айтылып келет.(SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG