Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Көмүскө кумарканаларды колдогон «кожолор»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Арай көз чарай» талкуусунда жалпыга маалым бирок жергиликтүү бийлик көрмөксөнгө салган кумарканалар тууралуу маселени талкуулайбыз.

Жашыруун кумарканаларга барып акчасын уттуруп жибергендер, уткан күндө да байгесин албай калып даттанган адамдар арбын. Алардын арыз-муңун маалымат каражаттары күн алыс жарыялап келет. Оюн залдарын иштеткендердин кээ бири гана милициянын кылтагына илинип, саналуу мекемелерге иш козголот.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, активист, экономист Азамат Аттокуров жана «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков катышты.

Эске сала кетсек, 13-майда Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана деп айтылган мекемени тартып жаткан учурда «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковго кароолчулар кол көтөрдү.

Ыдырыс Исаков Ош шаарындагы «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан мекемени тартууга барган. Буга ири суммада акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энесинин журналистке кайрылганы себеп болгон.

«Мен бул казинодо кечээ эле «Портер» машинамды уттуруп жибердим. Машинанын баасы бери жагы 5 миң доллар. Мен 2017-жылдан бери ушул казиного келип жүрөм. Буга чейин төрт машинаны уттургам. Анын арасында инимдин «Хонда-акорду» да бар эле. Турак жайымды да алдырдым. Баш-аягы алты жарым миллион сом уттурдум. Эч утпайсың. Дайыма уткура бересиң».

Алтынбек Сулайманов: - Бардык көмүскөдө иштеп жаткан кумарканаларды органдардын адамдары калкалап турат. Чоң күчтөр бар. Текшерген адамдар өздөрү калкалашат.

Ыдырыс Исаков: - Милициянын жигиттери мени четке тартып чыгып «сен жакшы түшүнөсүң да, биз деген жогоруда турган жетекчилерге үлүш беребиз. Мындай кумарканалар иштеп турганын жакшы билебиз» деп айтышты. Атын жашыруун кармоону өтүнүштү. Албетте, алар ачык айта алышпайт. Буга чейин «көмүскө кумаркананы ачыкка чыгарган милиция кызматкерлери иштен алынды» дешкен. Мен ал маалыматты Оштун милиция жетекчилигинен сурасам четке какты.

Азамат Аттокуров: - Бул нерсени жоюу мүмкүн эмес. Толтура кумарканалар көмүскө иштеп жатат. Анын үстүнө кытай улутундагылар ачкан кумарканалар да бар. Андан көрө кумар оюндарын атайын жабык аймактарда иштетүүгө өтүү керек. Учурда тармактык маркетинг да көбөйүп кетти. Алар да кумар оюну сыяктуу эле азгырык. Учурда кумар оюндары Интернетке оогон. Андыктан мамлекет лотерея сыяктуу оюндарды өзү уюштуруп көзөмөлгө алыш керек. Баары бир канча бир пайыз адамдар кумар оюндарына көз каранды болот.

«Азаттык»: - Кумар оюндары тууралуу мыйзамдын авторлору жана башка депутаттардын бул маселе боюнча күйүп-бышканы сезилбейт. Алтынбек мырза, канткенде мыйзамды ишке киргизе алабыз? Жогорку Кеңеш күч болуп бере алабы?

Алтынбек Сулайманов: - Артка жол жок. Кумар оюндарын мыйзамдаштырууга болбойт. Мыйзам иштебей жатканы чын. Бирок кабыл алынгандан бери кумар оюндарынан жапа чеккендер азайды деп айтсак болот. Кумар оюндарын азыр органдарда иштегендер калкалап жатышат. Алардын миңдеген шылтоосу ишке бут тосуп жатат. Биз, депутаттар мыйзамды Интернет оюндарын кошуп туруп кайрадан иштеп чыгышыбыз керек экен.

(Талкууну толугу менен ушул жерден уга аласыз)

Көмүскө кумаркананын кожоюндары
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:58 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG