Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Суперлига: УЕФА менен бай командалардын тиреши


Суперлиганы негиздөөчүсү катары Европанын салмактуу делген 12 футбол клубу айтылып жатат. Алардын катарына дагы үч команда кошулушу мүмкүн экени айтылды.
Суперлиганы негиздөөчүсү катары Европанын салмактуу делген 12 футбол клубу айтылып жатат. Алардын катарына дагы үч команда кошулушу мүмкүн экени айтылды.

18-апрель күнү кечинде Европанын алдыңкы 12 футбол клубу өздөрүнүн чемпионатын уюштурарын расмий жарыялады. Бул жаңылык футбол дүйнөсүн эки жаатка бөлүп, Европанын футбол ассоциациялар союзу (УЕФА) менен дүйнөдөгү бай командалардын тирешин тереңдетти.

Эмне болгон турнир?

Азырынча “Реал Мадрид”, “Барселона”, “Атлетико”, “Манчестер Юнайтед”, “Манчестер Сити”, “Ливерпуль”, “Арсенал”, “Челси”, “Тоттенхэм”, “Ювентус”, “Интер” жана “Милан” клубдарынын башын бириктирген мелдеш Суперлига деп аталат. Азыр топ командалардын ичинен “Пари Сен-Жермен” жана “Бавария” Суперлигага катышарын, же катышпасын билдире элек. Бирок убакттын өтүшү менен алар дагы жаңы турнирге кошулушу мүмкүн экени айтылып жатат.

Андреа Аньелли, Флолертино Перес жана Джоэль Глэйзер. Коллаждык сүрөт.
Андреа Аньелли, Флолертино Перес жана Джоэль Глэйзер. Коллаждык сүрөт.

Суперлиганын төрагасы, “Реал Мадрид” футбол клубунун президенти Флорентино Перес, анын орун басарлары “Ювентустун” президенти Андреа Аньелли жана “Манчестер Юнайтедден” Джоэль Глэйзер экени белгилүү. Мындан тышкары жаңы лиганын жетекчилигинде “Арсенал” менен “Ливерпулдун” өкүлдөрү бар.

Жаңы турнирдин форматы кандай болот?

Суперлиганын уюштуруучуларынын айтымында, жыл сайын өтө турган бул турнирге Европанын 20 командасы катышат. Азырынча белгилүү болгон 12 команданын катарына дагы үч клуб кошулат. Жалпысынан 15 команда Суперлиганын негиздөөчүсү катары көрсөтүлөт жана алар турнирде такай ойнойт. Аларга жыл сайын ар кандай беш команда кошулуп турат. Кандай жол менен тандалары азырынча белгисиз.

Алдын ала маалыматтарда командалар он-ондон эки тайпага бөлүнүп, бири-бири менен экиден беттеш өткөрөт. Тайпадан үч мыкты команда чыгат. Ал эми төртүнчү жана бешинчи орунду алган командалар ич ара беттешип, жеңүүчүсү кийинки турга чыга алат.

Суперлиганын оюндары аптанын экинчи жана үчүнчү күндөрү өтө турганы айтылып жатат. Азыр бул күндөрү УЕФАнын Чемпиондор Лигасы өтүп жатат. Демек Суперлиганын катышуучулары ЧЛге катышпайт.

УЕФА менен Суперлиганын тиреши

Азыркы учурда Суперлиганын негиздөөчүлөрү Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Европанын футбол ассоциациялар союзу (УЕФА) менен тирешип жатат. УЕФА Суперлиганы "бай клубдардын жабык турнири" катары сыпаттап, дүйнө коомчулугун аларга каршы күрөшүүгө чакырды. Европанын футбол ассоциациялар союзунун сайтындагы расмий билдирүүдө Суперлигага катыша турган командаларды санкциялар күтүп турганы жазылат.

“Мурда ФИФА жана алты Конфедерация жарыялагандай, тиешелүү клубдарга ички, европалык же дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге катышууга тыюу салынат жана алардын оюнчулары өз курама командаларынын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Башка өлкөлөрдөгү клубдарга, айрыкча буга кол коюудан баш тарткан француз жана немис клубдарына ыраазычылык билдиребиз. Биз футболдун бардык сүйүүчүлөрүн, колдоочуларын жана саясатчыларды, эгер мындай долбоор жарыяланса, ага каршы биргелешип күрөшүүгө чакырабыз”.

Эгерде УЕФАнын санкциялары ишке аша турган болсо, анда футбол дүйнөсү болуп көрбөгөндөй өзгөрөт. Анткени Суперлигага кошулган 12 команда Европанын топ чемпионаттарында алдыда келе жатат. Мындан тышкары Европа жана Дүйнө чемпионаты Роналду, Месси сыяктуу мыкты оюнчуларды жоготуп алышы мүмкүн.

УЕФА Суперлиганын курамындагы клубдарды ички беттештерден четтетсе, анда Англиянын, Испаниянын, Италиянын чемпионаттарынын турнирдик жадыбалы өзгөрөт. Ал эми Чемпиондор Лигасын мөөнөтүнөн мурда “Пари Сен-Жермен” утуп алышы мүмкүн. Анткени бул турнирдин жарым финалына чыккан төрт команданын үчөө (“Реал-Мадрид”, “Манчестер Сити”, “Челси”) Суперлигага кошула турганын билдирген.

Пандемия башталгандан бери стадионго футбол күйөрмандарын киргизүүгө тыюу салынган. Мындан улам футбол клубдарынын каржылык абалы начарлап кеткен.
Пандемия башталгандан бери стадионго футбол күйөрмандарын киргизүүгө тыюу салынган. Мындан улам футбол клубдарынын каржылык абалы начарлап кеткен.

Суперлиаганын төрагасы Флорентино Перес "Реал Мадрид" футбол клубу пандемия маалында 400 миллион евро жоготконун айтып, жаңы турнир командалардын каржылык абалын жакшыртат деген ойдо. Ал Суперлига боюнча кенен түшүндүрмө берип, УЕФАга мындай деп жооп берди.

Флорентино Перес
Флорентино Перес

“УЕФА - монополия, алар айта турган сөзүн айтышты. Биздин оюнчулар Дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтетилбейт. Мен ага кепилдик берем. Алар буга 100% ишенсе болот. "Реал Мадрид" жарым финалдан четтетилеби? Жок. Баары бүттү. УЕФАнын монополиясы бүттү. Жаңы доордун убагы келди. УЕФАдагылар бизди менчиги деп эсептешет жана биз менен каалаганын кыла алышат, бирок алар жаңылышат ”, - деди Флорентино Перес.

УЕФАдан тышкары Суперлигага каршы пикирин Европанын футбол федерациялары, машыктыруучулар, мурдагы оюнчулар билдирди. Ушундай эле багытты Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон, Франциянын президенти Эммануэл Макрон дагы карманып турат.

Футболду өнүктүрүү аракетиби же акча табуунун амалыбы?

Суперлигага кошулган Европанын топ командалары Чемпиондор Лигасына салыштырмалуу бири-бири менен көп оюн өткөрөт. Ал жерде Орусия, Чехия, Грециянын клубдары жок, жалаң дөө-шаа командалар. Мындай беттештердин телетрансляциясынан көп каражат түшөт. Эң негизгиси Чемпиондор Лигасынын уюштуруучусу УЕФА менен акча бөлүшүштүн кереги жок.

Азыркы маалыматтарга караганда, Суперлиганын негиздөөчүлөрүнө 3,5 миллиард евро берилет. Бул деген ар бирине 400 миллиондон тиет дегенди түшүндүрөт. Аталган сумма Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү ээ боло турган каражаттан 2-3 эсе көп.

Кыргызстандык футбол күйөрманы Максат Кудайбердиев Суперлига тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

Максат Кудайбердиев
Максат Кудайбердиев

“Лиганын бардык катышуучулары каржылык жактан толук жетилген командалар. Алар өз ара ойноо менен телетрансляция, билеттерди сатуу жана жарнамалык келишимдерден келген каражаттары өз ара бөлүштүрүүгө кызыкдар. УЕФА жана ФИФАнын чочулап жатканынын түшүнүү менен кабыл алуу керек. Себеби, аталган органдар атаандаштыкты сактап жана каржысы аз клубдарды колдоо үчүн жогоруда айтылган каражаттарды теңме-тең бөлүштүрүп келет. Суперлига Европада 100 жылдык, 50 жылдык тарыхы бар мелдештердин аброюн түшүрүп, лигаларда, клубдарда каржылык таңсыктыкты жаратышы мүмкүн”.

Ал арада УЕФА Чемпиондор Лигасынын форматы 2024-жылдан тарта өзгөрө турганын кабарлады. Ага ылайык, бул беттешке азыркыдай 32 эмес, 36 команда катыша баштайт. Мындан тышкары футбол клубдары тайпаларга бөлүнбөй бири-бири менен ойноп чыгары айтылууда. Эң көп упай топтогон сегиз команда беттештин финалдык бөлүгүнө чыгат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG