Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Кыргызстандын футбол чемпионаты башталды


 “Алга” клубунун оюнчулары. Кант шаары. 16-март, 2021-жыл.
“Алга” клубунун оюнчулары. Кант шаары. 16-март, 2021-жыл.

16-март күнү Кыргыз премьер-лигасынын быйылкы сезондогу алгачкы оюндары болуп, Оштун “Алай” жана Бишкектин “Алга” клубдары сезонду жеңиш менен башташты.

Бишкек мэриясына таандык “Алга” клубу Кант шаарында Кыргызстандын Футбол бирикмесине таандык “Илбирс” клубу менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюндагы голдорду Темирболот Тапаев менен Икум Келвин киргизишти.

Ал эми Ош шаарында өткөн дагы бир беттеште “Алай” командасы “Каганат” футбол клубун 2:1 эсебинде жеңип алды.

Быйылкы чемпионатка сегиз команда катышып жатат. Алар - Бишкек шаарынын «Дордой», «Алга», «Илбирс», Оштун «Алай»,«Каганат», Кочкор-Атанын «Нефтчи», Кара-Балтанын «Кара-Балта» жана Канттын «Абдыш-Ата» клубдары.

“Кечээ чемпионаттын биринчи турунда эки оюн өттү. Негизи биринчи турда дагы эки оюн өткөрүлмөк. Бирок аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ал оюндар кийинкиге калды. Быйыл командалар төрт айлампада ойной турганы пландалып жатат. Андан сырткары Спорт агенттигинин уруксаты менен быйылкы чемпионатка көрүүчүлөр киргизилет. Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлгөн”, - деди Кыргыз премьер-лигасынын басма сөз катчысы Нурсултан Нурболот уулу.

Чемпионаттын 2-турунун оюндары 19-20-мартка пландалган.

2020-жылдын башында Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасында тогуз команда ойной турганы айтылган. Пандемиядан улам футболдук чемпионат баштала элек жатып токтотулган. Каржы тартыштыгынан улам жай айларында Ысык-Көлдүн «Лидер» футбол клубу чемпионатка катыша албай турганын жарыялаган. Анын алдында «Алай» клубунун оюнчулары маянасын ала албай жатканын айтып, Ош шаарынын мэриясынын астына чыгышкан. Көп өтпөй клубдун эки оюнчусу коронавирус жугузуп алганы кабарланган.

Дээрлик беш айлык тыныгуудан кийин, 7-августта Футбол бирикмесинин чечимине ылайык өлкө чемпионаты жанданып, бардык оюндар бир жерде өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында “Дордой” командасы чемпиондук наамды утуп алса, “Алга” командасы экинчи орунду, “Нефтчи” командасы үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми “Абдыш-Ата” төртүнчү орунду ээлесе, мелдеште фаворит саналган “Алай” чемпионатта 5-орунду ээлеген болчу.

Өтө начар жыйынтык көрсөткөнүнө карабай “Алай” командасы Кыргызстандын кубогун утуп алганы үчүн АФК кубогуна катышканы турат.

"Алай" клубунун директору Алмаз Сулайманов командадагы өзгөрүүлөр тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты.

“Былтыр пандемия маалында кыйынчылыктар болду. Балдар ооруп, обсервацияга жатышты. Биздин базабыз дагы обсервацияга жабылды. Ал кыйынчылыктардын баары артта калып, балдар быйылкы чемпионатка АФК Кубогуна жакшы даярданып жатат. Командага жаңы балдарды алдык. Өзүбүздүн “Алай 2” командасынан да өсүп келе жаткан балдар командага кошулду. Андан сырткары төрт легионер алдык”.

"Алай" жаңы сезондо катарын Европанын бир катар футбол клубдарында ойногон, Тунистин футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы мүчөсү Тижани Белаид менен келишим түздү. Андан сырткары Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Оштун «Алай» футбол клубу менен келишим түздү.

Ал эми “Алайдын” ганалык чабуулчусу Жолел Кожо быйылкы сезондо бишкектик “Дордой” клубунун намысын коргойт. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов “Алга” клубу менен келишим түзгөн.

Спорт журналисти Адилет Темирланов жаңы сезондо командалардын курамы күчтөнгөнүнө токтолду.

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

“Быйылкы чемпионатта командалардын азайып кетпегени сүйүндүрөт. Өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга, пандемияга карабастан сегиз команда тең катышып жатат. Андан сырткары быйылкы сезондо "Дордой", “Алай", “Алга” жана "Каганат” командалары жакшы оюнчулар менен толукталды. Трансфердик базарда абдан жакшы иштешти. Ар бир команда катарын күчтүү оюнчулар менен толуктады. Демек быйылкы чемпионатта кармаш өзгөчө кызыктуу жана интрига жаратат болуш керек. Андан сырткары “Алай” менен “Дордой” командалары АФК кубогуна катышат. “Дордой” да АФКда өзүн кандай көрсөтө алат - бул дагы чоң суроо жаратат. Андан сырткары Ош шаарынын мэри бизге берген интервьюсунда “Алай” командасы быйыл жакшы жыйынтык көрсөтө албаса радикалдуу чаралар көрүлөрүн айткан”.

Кыргыз премьер-лигасында чемпион болгон команда жана Кыргызстандын Кубогун уткан команда АФК Кубогунда ойноого укук алат. Быйыл мындай мүмкүнчүлүктү былтыр өлкө чемпиону болгон "Дордой" менен Кыргызстандын кубогун уткан “Алай” командасы алган. АФК Кубогунун тайпалык баскычынын оюндары ушул жылдын апрель, май айларында өтөт.

XS
SM
MD
LG