Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Байтерек президенттин өчүрүлгөн билдирүүсү тууралуу комментарий берди


Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчы Садыр Жапаровдун уу коргошун тууралуу "Фейсбуктагы" билдирүүсүнүн өчүрүлүшү тууралуу маалымат берди.

Анда президенттин соцтармактардагы расмий баракчаларындагы билдирүү "тыштан эч кимдин кийлигишүүсүз, жеке демилге" менен өчүрүлгөнү белгиленген.

Байтеректин маалыматына караганда, ошол эле кезде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул багытта илимий иликтөө иштерин улантат.

Буга чейин "Фейсбук" компаниясы президент Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүргөнүн электрондук кат аркылуу "Азаттыкка" ырастаган.

Компаниянын басма сөз кызматынын өкүлү Кейт Хайес ким болбосун түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат берилбей турганын жүйө келтирген.

"Фейсбук" компаниясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кейт Хайестин президенттин постунун өчүрүлүшү туууралуу жообу.
"Фейсбук" компаниясынын басма сөз кызматынын өкүлү Кейт Хайестин президенттин постунун өчүрүлүшү туууралуу жообу.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери "Фейсбук" социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан "бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары" таап алышканын жазган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө "уу коргошун" деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG