Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базага ракета атылды


Ирактагы Балад аба базасы, 23-июнь 2008-жыл.
Ирактагы Балад аба базасы, 23-июнь 2008-жыл.

Ирактын баш калаасы Багдаддын түндүк тарабындагы америкалык аскерлер келишимдик негизде кызмат кылган Балад аба базасы ракеталык аткылоого кабылды. Бул маалыматты Ирактын коопсуздук тармагындагы жетекчилери ырасташты. Алардын айтымында, 18-апрелдеги чабуулдан Ирактын эки коопсуздук кызматкери жараат алды.

Соңку бир канча аптадан бери Ирактагы АКШнын күчтөрү жайгашкан аскердик жайлар ар кандай чабуулдарга туш болуп келет. Жекшембидеги ракеталык чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок Кошмо Штаттар буга чейинки чабуулдар үчүн Иран колдогон аскердик кошуундарды айыптаган.

Март айында Ирактын батышындагы АКШ баштаган коалициянын күчтөрү жайгашкан базага 10 ракета тийген. Андан кеминде бир аскер мерт болгон.

Иранга байланышы бар жарым-жартылай аскердик кошуундар АКШ сыяктуу чет өлкөлүк күчтөрдүн Ирактан чыгып кетишин талап кылып келишет. Учурда Иракта 2500дөй америкалык аскер бар.

АКШ баштаган коалициянын күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлерине каршы күрөшүү үчүн Иракка жөнөтүлгөн. Ал эми НАТОнун күчтөрү Ирактын коопсуздук кызматкерлерин машыктырууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG