Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

COVID-19: Өзбекстанда 400 миңден ашуун адам эмделди


Ташкенттеги эмдөө борбору, 1-апрель 2021-жыл.
Ташкенттеги эмдөө борбору, 1-апрель 2021-жыл.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 403 миңден ашты. Бул тууралуу 33 миллиондой адам жашаган бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 17-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, вакцина алгандардын көпчүлүгү Фергана (58 529), Анжиян (44 309) жана Наманган (40 664) облустарына туура келет.

Буга чейин Өзбекстан кытайлык компания иштеп чыккан ZF-UZ-VAK 2001 вакцинасын, орусиялык “Спутник V” вакцинасын каттоодон өткөргөн. Жакында Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясы иштеп чыккан вакцинадан 660 миң доза алганы кабарланган.

Соңку маалыматка ылайык, Өзбекстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 86 миң кишиден ашты.

Ишемби күнү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссиянын кеңейтилген жыйынын өткөрүп, өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан 18-апрелден тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөрүн билдирген.

Ал коронавирустан университет студенттеринин 6-7 пайызы жана мектеп окуучуларынын 11-15 пайызы жабыркаганын, буга Өзбекстанда аныкталган коронавирустун Түштүк Африка штаммы себеп болгонун кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG