Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:17

Чек ара кызматы: Баткенде абал туруктуу, кыргыз-тажик сүйлөшүүсү эртең уланат


Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунда, кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал туруктуу, бүгүн өткөн эки тараптуу сүйлөшүү эртең, 18-апрелде да уланмай болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында бүгүн Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Ошол учурда аларга Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

Окуя болгон жерге чектеш Баткен жана Исфара райондорунун башчылары барып, сүйлөшүү жүргүзүштү. Ал жерге облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышты.

Облус бийлиги билдиргендей, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады, тажик тараптын бул ишти бирге жасоо тууралуу талабына кыргыз тарап макул болгон жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдиргендей, чыр Баткен облустук суу чарба ишканасынын кызматкерлери менен Тажикстандын Согд облусунун Кожалы айылынын тургундарынын ортосунда чыккан. Кыргыз тарап “Головной” деп аталган суу тосмосунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда тажик жарандары бул иш биргеликте жасалышы керектигин айтышкан. Эки тарап айтыша кетип, Тажикстан жарандары суу тосмосунун жумушчуларына таш ыргытышкан.

Атайын кызмат “Күч органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тез арада Тажикстандын Исфара шаарынын мэри менен жолугушуу өткөрүп, натыйжада “Головнойдогу” иштерди токтото туруу тууралуу чечим кабыл алышты. Кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Окуя учурунда курал колдонулган жок” деп билдирди.

УКМК “Головнойдун” жанындагы Кыргызстанга таандык жерди кыргыз аскерлери кайтарарын, бул объект Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринин күзөтүүсүндө экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Бүгүнкү окуя боюнча Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Өткөн жумада тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келип, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан. Ошондой эле ал Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес. (JsA)

XS
SM
MD
LG