Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

Маматов: Добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу арыздар түшүүдө


Кайрат маматов
Кайрат маматов

Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештерге жана референдумга көчмө добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу арыздар түшүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

“Мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар кагаз түрүндө келип жатат, ошондой эле фото-видеолорду жиберишүүдө. Аны учурда комиссия териштирип жатат. Үй башчы жана квартал жетекчилеринин шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишкени тууралуу фактылар бар. Эки-үч шайлоо тилкесинде көчмө урнага мөөр басылбай калган учур болгон экен. Эрте добуш берүү үчүн шайлоочунун атынан башка адам арыз берип койгон учурлар чыгып жатат”, - деди Маматов.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1820 талапкер ат салышууда. Шаардык кеңешке 45 депутат төрт жылга шайланат.

Добушканадан тышкары жерде добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8:00ден 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда добушканадан тышкары жерде добуш берүүгө Кыргызстан боюнча 19 298 адам арыз берген.

Боршайкомдун маалыматына караганда, добушканадан тышкары жерде шайлоочулардын тизмесинде катталган, бирок саламаттыгына же майыптыгына байланыштуу тилкеге келе албаган жарандар, добуш берүү күнү ооруканада, убактылуу камоочу жайларда, тергөө абагында камалып турган шайлоочулар, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда - жайлоолордо убактылуу жашаган шайлоочулар, нөөмөтчү аскер, милиция кызматкерлери, вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар, үй камагындагы жарандар добуш бере алат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясына добуш берүү 11-апрелде өтөт.

XS
SM
MD
LG