Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

"Адал индустриясы жөнүндө" мыйзам долбоору талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын адал индустриясы жөнүндө» мыйзам долбоорун 6-апрелден тартып коомдук талкууга койду.

Документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды. Аталган мекеме билдиргендей, коомдук талкуу учурунда долбоорго карата сын-пикирлер жана сунуштар кабыл алынат.

Буга чейин министрликте адал индустриясын жөндөө бөлүмү ишке кирген.

"Халал" деген белгиде өндүрүлгөн адал азык-түлүктөргө коомчулукта ар кыл көз караштар бар. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана таксилер да пайда болгон.

2014-жылы муфтияттын Халал бөлүмү жоюлган. Өзүнчө коммерциялык борбор болуп кайра түзүлүп, ишканаларга сертификаттарды бере баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG