Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Былтыр коронавирус күчөп турганда жол эрежесин бузган ыктыярчылардын айып пулдары жоюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пандемия учурунда элге медициналык жардам көргөзгөн ыктыярчылардын кайрылуусунда айтылган 670 жол эрежесин бузуулардын айып пулдары жокко чыгарылды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы таратты.

Ага ылайык “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында мониторинг борборунун комиссиясы 7 миң 777 жол эрежесин бузган учурларды кайра карап чыккан. Анын ичинен жол эрежелерин бузган 2 миң 43 чечим өзгөртүүсүз күчүндө калтырылды. Ал эми 5 миң 734 жол эрежесин бузуу өндүрүштөн кыскартылып, алардын ээлери коронавирус маалында элге жардам берип, ыктыярчы катары иштегени үчүн айып пулду төлөшпөйт.

“Коопсуз шаар” камераларына 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган.

Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоочу камералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы жеңүүчү деп аталган. Экинчи бөлүк жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат. Курулуш-монтаждоо иштери 2020-жылдын августь айында башталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG