Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Кыргызстанда ундун баасы бир жылдын ичинде 12% өстү


Мамлекеттик материалдык резерв фондунун уну. Иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик материалдык резерв фондунун уну. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жогорку сорттогу буудай уну 48,45 сомдон, ал эми биринчи сорттогу буудай уну 38,97 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорку сорттогу ун 13,2%, биринчи сорттогу буудай уну 10,8% өстү.

Улуттук статистика комитети ундун баасы боюнча 18 калктуу конушта, шаарларда мониторинг жүргүзгөн.

Улуттук статистика комитети буга чейин кабарлагандай, бир жылда өсүмдүк майы - 54,6%, картөшкө - 46,3%, жумуртка - 35,4%, эт - 27,5% кымбаттап, мындан тышкары сүттүн, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлдү.

Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% деп айтылганы менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. (TSh)

XS
SM
MD
LG