Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Кадр саясаты: Акимдер аттестациядан өтпөй калды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында акимдер, алардын орун басарлары мамлекеттик аттестациядан өттү.

Аттестация комиссиясынын өкүлдөрү акимдерди тесттен өткөрүүнүн жыйынтыгы кадр тартыштыгын, кадрлардын сабатсыздыгын көргөзүп жатканын айтышууда.

Ошол эле кезде тесттен өтпөй калган айрым жетекчилердин арасында нааразылыктар да жок эмес.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 26-мартта аймактагы төрт райондун акимдери жана алардын орун басарлары тестирлөөдөн өттү.

Биринчи акимдер тесттен өтүп, анда мыйзам ченемдүүлүктөр, жетекчилердин Конституцияда белгиленген милдеттери жана укуктары боюнча суроолорго жооп беришти. Анын жыйынтыгында Тоң жана Түп райондорунун акимдери тийиштүү пайыздык ченге жетпей калып, сынактан четтетилди. Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун акимдеринин биринчи орун басарлары Нургазы Эсенгелди уулу жана Динара Акматова эң жогорку балл алышты. Акматова тестте иш тажрыйбага керектүү суроолор берилгенин "Азаттыкка" билдирди:

"Баардык мыйзамдарды билип, аны иш жүзүндө кандай колдонобуз? Ушул сыяктуу суроолор болду. Ошондой эле райондо иштеп жаткан мезгилде эмнелерди аткара алганым, дагы кайсы маселелерге көңүл бургум келерин сурашты. Комиссиянын курамында Кадр кызматы, Айыл чарба министрлиги, Каржы министрлигинин кызматкерлери бар экен. Алардын ар бири өз тармагына тиешелүү суроолорду узатып жатышты".

Ал эми Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары, 30 жаштагы Нургазы Эсенгелди уулу тестке алдын ала даярданганын айтты:

"Жалпы 15 мыйзам долбоору боюнча терең даярдангыла деген тапшырма коюлган. Мен колумдан келишинче даярдык көрдүм. Тестирлөөдөн жогорку балл алдым. Суроолор иш учурундагы маселелердин негизинде түзүлгөн экен. Ошол себептүү оңой болду".

Эки этаптан ийгиликтүү өткөн кызматкерлер комиссия мүчөлөрү менен баарлашты. Аларга негизги мыйзам актылары жана жеке кызматы боюнча суроолор берилди. Комиссия мүчөсү Калыбек Алышпаев айрым чиновниктердин мыйзам актыларын билбегени ачыкка чыкканын маалымдады:

"Ишин иш жүзүндө жакшы билишет. Бирок иштерди аткарууда кайсы мыйзамдар колдонулуп жатат, кайсы талаптары бар, кандай аткарылышы керектиги боюнча аксап жатышат. Өзгөчө мамлекеттик жана жарандык кызмат, муниципалдык кызмат боюнча мыйзамдар ар биринин столунда болушу керек, окуп, таанышып алышса жакшы болмок. Биз ошол мыйзам ченемдери боюнча суроолорду бергенде кыйналып калып жатышты. Жасаган жумушу ошол мыйзам ченемдери менен болушу керек да".

Жалпы жыйынтыктын негизинде Тоң жана Түп райондорунун акимдери жана Тоң районун акиминин биринчи орун басары ээлеген ордуна "татыктуу эмес" деп табылды. Бир акимдин орун басарын ротация кылуу, экөөнүн квалификациясын жогорулатуу сунушу берилди.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев аттестациядан өтпөй калгандардын арасында нааразы болгондор да бар экенин айтты. Анын пикиринде, бул өнөктүк тааныш-билиш аркылуу ишке кирип алган жетекчилердин деңгээлин аныктап, кадр маселесин чечүүгө жардам берет:

Абдырахман Маматалиев. Архивдик сүрөт.
Абдырахман Маматалиев. Архивдик сүрөт.

"25-30% тегерегиндеги жетекчилер аттестациядан өтпөй калды. Кокусунан, кандайдыр бир саясий күчтөрдүн басымы, соодалашуусу же башка себептер менен келип калгандар да бар экен. Ушулар аттестациядан өтпөй калып атат. Албетте, андайлар нааразычылыгын билдиришүүдө. Азыр биздин үстүбүздөн гезитке жазып, башка түрдүү аракеттерди да көрүп жатышат. Биз президенттин тапшырмасына ылайык, максималдуу түрдө калыстык менен аттестацияны аягына чыгарууну көздөйбүз".

Абдырахман Маматалиевдин айтымында, аймактарда аттестациянын жыйынтыгы чиновниктердин деңгээли, билими бири-биринен айырмаланбай турганын көрсөттү:

“ Орто деңгээлдегилер көп, ошол эле мезгилде мыкты иштегендер да бар. Башкаруу ишмердүүлүгүн түздөн-түз жөнгө салган мыйзамдар бар. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, өз алдынча башкаруу жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана жарандык муниципалдык кызматы жөнүндө. Мындан тышкары Баш мыйзамдын негизги нормалары боюнча аким жана алардын орун басарларынабир топ сын-пикирлер айтылды. Түп жана Ак-Суу районунда экономика тармагын тейлеген орун басарлар жогорку деңгээлде билимин көргөзө алган жок. Жалпы берилген бааларды жыйынтыктап келгенде, кызматына шайкеш келет деген чечим чыгардык, бирок протоколго “квалификациясын жогорулатуу керек” деп белгилеп койдук. Биз тестирлөө менен “тазалануу болуп жатат” деп айта алабыз. Аймактагы жакшы кадрларды резервге киргизип, республикалык деңгээлдеги ишке которууга мүмкүнчүлүк түзөбүз деп турабыз".

Буга чейин мамлекеттик аттестациядан Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы жетекчилер өткөн. Жыйынтыгында, Нарын облусунан үч, Баткенден беш, Жалал-Абаддан жети жана Ош облусунан төрт аткаминер ээлеген кызмат ордуна "ылайыктуу эмес" деп табылган.

Аттестация президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө. Документте мамлекеттик аттестациялоо менен катар кадрларды ротациялоо маселеси камтылган.

Мияров: Жапаров жаштарга таянышы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:15 0:00

XS
SM
MD
LG