Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коюлдубу?


Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош облусу.

Дээрлик 30 жылга жакын убакыттан бери чечилбей келген кыргыз-өзбек чек ара маселесине 24-25-мартта чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын Ташкенттеги сүйлөшүүсүндө чекит коюлду. Бул маалыматты Кыргызстандан барган өкмөттүк делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта журналисттерге билдирди.

"Сүйлөшүүлөр оор болду. Ошого карабай чек ара 100% чечилди. Эми ортодо талаштуу жерлер жок. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылы 105 гектар жер, Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Белес айылында 25 гектар жер, Кара-Суу районундагы Ак-Таш участогунда 100 гектар жер бизге жазылды. Үңкүр-Тоо толугу менен бизде калды. Гава-Сай айылында бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон. Кудай буйруса бул айыл да Кыргызстанда кала турган болду".

Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында. Бишкек шаары. 26-март, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында. Бишкек шаары. 26-март, 2021-жыл.

Камчыбек Ташиев Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жалпысынан 8 миң гектар жер Кыргызстанга өткөнүн билдирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу маселе болуп, узак жылдан бери чечилбей келе жаткан Кемпир-Абад (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) суу сактагычы Өзбекстанга өттү. Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашты.

Демаркация иштери аяктаганда Өзбекстан Кыргызстанга компенсация иретинде Анжиян облусунун ичинен 1000 гектар жер берет. Мындан тышкары, Шахрихансай каналынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга калтырылып, өзбек тарап Кыргызстанга Өзгөн менен чектеш жерден 50 гектар жер бере турган болду:

«Суу толгондо 5737 гектарды ээлейт. Биз 900 горизонтал деп эсептегенде суунун аймагы кыскарды. 1300 гектар Кыргызстанга өттү, 4400 гектар суу астында калды. Өзбек тарап бизге 1973-жылы компенсация катары 4100 гектарды берген. Демек, дагы 300 гектар бериши керек. Ошол 300 гектардын ордуна компенсация иретинде биз Өзгөн, Сузак райондоруна 1000 гектар жер алдык. Кыргызстандыктар ал жерден суу алса, пайдаланса, балык кармаса болот. Өзбекстандын аскердик кароол кайыктары ал жерде жүрбөйт, суунун чекесине тосмо койбойт”.

Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондору, Өзбекстандын Анжиян облусу чектешкен аймакта жайгашкан. Бишкек-Ош жолунун боюнда орун алган.

Ошондой эле Ташиев өзбек тарап мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунан бери Сох анклавына сурап келген коридор берилбей турганын маалымдады:

“Эч жакка, эч кандай коридорду эч ким берген жок. Биз өзбек жарандарынын Сох анклавына өтүшүн жөнөкөйлөттүк. Болгону ушул. Сохто эч кандай коридор жок”, - деди ал.

Сох анклавындагы Хушйар (Кош-Жар) айылы. (Архивдик сүрөт).
Сох анклавындагы Хушйар (Кош-Жар) айылы. (Архивдик сүрөт).

УКМК төрагасы билдиргендей, 1-апрелден тартып Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы Кайтпас жана Өтүкчү бекеттери ачылат. Бул бекеттерден жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил машинелер жана жөө адамдар өтө алат.

Ошентип, Ташиевдин айтымында, жалпысынан, 25-мартта Ташкентте өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө мурдатан талаштуу болуп келген тилкелердин баары чечилди. Тиешелүү протоколго эки тараптуу өкмөттүк делегациялардын жетекчилери кол койгон. Протоколду эки өлкөнүн президенттери үч ай ичинде карап, кол коюшкан соң күчүнө кирет. Бул аралыкта маселенин үстүндө жергиликтүү бийлик, Мамлекеттик каттоо жана кадастр кызматтары иштешет. Мындан тышкары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Кыргызстандан барган өкмөттүк делегация. Ташкент шаары. 24-март, 2021-жыл.
Кыргызстандан барган өкмөттүк делегация. Ташкент шаары. 24-март, 2021-жыл.

Чек ара боюнча паритеттик комиссиянын мүчөсү, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Абдулат Мырзаевдин айтуусунда, түшүндүрүү иштери демаркация башталганга чейин уланат:

"Жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Айыл өкмөттөр, райондук, облустук администрацияларга тапшырылат".

Ошентип, расмий тарап Кыргызстан менен Өзбекстандын эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келген чек ара маселеси ушуну менен толук чечилди деп маалымдоодо. Бирок айрым эксперттер Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдө чечилген чек ара сызыгын бөлүүдө же демаркациялоодо анын кандайча бөлүнгөнү толук ачыкка чыгарын белгилешүүдө.

Коммунисттер партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев бийлик демаркация башталганда чатак чыкпашы үчүн жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл деп эсептейт:

"Маселенин баары казык какканда башталышы мүмкүн. Ошол жерде жашаган адамдар нааразылыгын билдириши ыктымал. Ага жеткирбей токтотуп, тушүндүрө алышса, анда бул жигиттер тарыхта кала турган азаматтар. Анткени, азыр делимитация болду. Эми демаркация болот. Кемпир-Абад боюнча маселе жаралышы мүмкүн".

Ошол эле кезде суу сактагычтар Өзбекстанга өтүп кетти деп сындаган активисттер чыкты. Алардын бири, чек ара маселелерин көтөрүп келген жарандык активист Гүлжигит Исаков мындай пикирде:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

"Мурда "берилген жок" деген Аравандагы Керкидан суу сактагычы толук өтүп кеткенин кийин билдик. Эми стратегиялык маанидеги обьектилер - Орто-Токой менен Кемпир-Абадды беришти. Кыргызда жакшы сөз бар "суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор" дейт. Бул суу сактагычтардын берилишин тарых кечирбейт. Бул келишимди парламент ратификациялабашы керек. Кемпир-Абад Бишкек-Ош жолунда турат. Бул жолду өзбек тарап түрдүү жолдор менен тосуп алса кандай болот? Андай болбойт деген кепилдик жок".


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин узак убакыт бою чечилбей келишинен улам чектеш аймактарда чыр-чатактар арбын катталды. Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев эми мындай чыр-чатактарга да чекит коюлат деп үмүттөнүп турат:

"Чек ара маселеси - татаал маселе. Бир тараптын каалоосу менен чечилбейт. Эки тараптын макулдашуусу, мунасага келиши менен чечиле турган маселе. Узак жылдар бою чечилбей келген маселе аягына чыгып жатканы кубаттоого аларлык", - деди Узакбаев.

Кыргызстан жалпы төрт мамлекет менен чектешет. Анын ичинен Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60% ашууну такталган.

Чек аранын тактала элек тилкелеринде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да кездешкен.

Ташиев: "Жер берилбейт, алмашуу болот"
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:39 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG