Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Чекит коюлбаган чек ара чыры


Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу. Солдон оңго - кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Тажикстандын вице-премьери Азим Иброхим. (Гулистон ш. 2021-ж. 18-март).
Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу. Солдон оңго - кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Тажикстандын вице-премьери Азим Иброхим. (Гулистон ш. 2021-ж. 18-март).

Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү. Бул - Кыргызстанда былтыр бийлик алмашкандан бери эки өлкөнүн чек ара боюнча биринчи жолку жогорку деңгээлдеги жолугушуусу.

Кыргыз-тажик чек арасында байма-бай болуп жаткан чатактар такталбаган жер, жайыт, сугат суу талаштын жана контрабанданын айынан келип чыкканы айтылат.

Маселен, Тажикстан менен чектеш Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев жаз келгени жайыт чыры кайра башталабы деп чочулап турат.

“Ички жайыттар талаштуу болуп турат. Мындан башка да алыскы жайыттарды чечиш керек. Эми эл жайлоого көчө баштаганда чыр чыгышы мүмкүн”.

16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация барды. Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен чек араны аныктоо маселесин талкуулаган.

Жолугушууга өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев да катышкан. Ал эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында өтөрүн айтты:

Назирбек Бөрүбаев.
Назирбек Бөрүбаев.

“Чек ара маселесинде делимитациялоо жана демаркациялоо иштери тезирээк болушуна жана чыр-чатактарга чекит коюлушуна эки өлкө тең кызыкдар. Бул боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жалпыга айтылбачу купуя маалыматтар бар. Башкысы өз жүйөлөрүбүздү тактап алдык. Эми ошого жараша иштер уланат”.

Тажикстанда Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Согд облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу да өтүп, ага Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жолугушууда чек ара маселесине байланыштуу эки элди ынтымакка чакырган жана аймак аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашуулар болду. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев макулдашуунун уландысы кандай болорун мындайча түшүндүрүп берди:

“Жумуш алдыга жылат. Пандемия учурунда чек аралар жабылып, эл кыйналып калды. Анткени баткендиктердин карым-катнашы Тажистан менен тыгыз байланышта болуп келген. Ошол эле учурда тажикстандыктар Лейлек районуна келип иштеп кетчү. Биз аларга мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз. Чек ара соодасы деген бар. Аларды көзөмөл кылабыз. Контрабанда менен күрөшүү иштери жүрүп жатат. Жолугушууда жайыт, сугат суу маселесин да сүйлөштүк. Бардыгы достук мамиле менен чечилет”.

Баткен облусунда Тажикстанга карай беш чек ара өткөрүү бекети бар. Алар былтыр коронавирус коркунучунан улам жабылган.

Бир ай мурда Баткендин Тажикстан, Өзбекстан менен чектеш аймактарында жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр-чатактар катталган. Өкмөт үйүнүн жанында 15-16-февралда чек ара маселесине байланыштуу акция өткөн. Анда чогулгандар өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышкан.

Мындай шарт кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактар аркылуу аткезчиликти күчөтүп жатканы айтылып жатат.

Коомдук ишмер Досбол Нур уулу чек ара президенттердин деңгээлинде чечилиши керек деп эсептейт:

“30 жылдан бери жетекчилер биринин аркасынан бири таптап эле келатат. Ортодо эки өлкөнүн эли кыйналып бүттү. Саясий чечим болушу керек. Андай чечимди эки президент гана кабыл ала алат. Эгер эки ажо тил табыша албаса, анда бул чечилбеген маселе. Ал эми калгандарынын “мына, биз сүйлөштүк, мындан ары ынтымак болушу керек” дегендери элди соороткондук”.

Чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барар алдында Баткен районунун тургундары менен жолугушкан. Ал бийлик азыркы тапта коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо боюнча иш алып барып жатканын билдирген.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны. Гулистан, Тажикстан. 18-март, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны. Гулистан, Тажикстан. 18-март, 2021-жыл.

Ташиев жер алмашууда эки мамлекеттин кызыкчылыгы тең эске алынарын белгилеп, чек ара аймактарындагы айрым айылдардагы турак үй жылдырышы мүмкүн экенин айткан. Анын ордуна сөзсүз башка жер берилерин, чек араны тактоодо жергиликтүү эл чагымга алдырбай, мамлекеттин чечимдерине жардам бериши керек деп билдирген.

Камчыбек Ташиев. Баткендиктер менен жолугушуу учурунда. 18-февраль, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев. Баткендиктер менен жолугушуу учурунда. 18-февраль, 2021-жыл.

“Силер ойлобогула, чек араны чечсе эле жер берет, туура эмес алмаштырып коёт экен деп. Андай болбойт. Ошол чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам. Кантип эле мен бир метр жерди берип коём, кантип эле Садыр Жапаров элге каршы келген чечим кылсын?! Андай болбойт! Бардык маселе Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын кызыкчылыгын тууралап туруп чечилет. Самаркандектин бир гектар жери ушул айылдын эле жери эмес. Ал жер - мамлекеттин жери. Мамлекет кээ бир жерлерди берип, кээ бир жерлерден алып, чек арасын такташы мүмкүн. Бардык эле жерди алып тактайбыз дей албайм. Берип, алмашышыбыз мүмкүн. Ошондо дагы элдин кызыкчылыгын сактайбыз”, - деди Ташиев.

Чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов эки тараптуу жолугушуулар көп болушу керектигин кубаттады:

“Чек арадагы талаштуу аймактар бир гана сүйлөшүүлөр менен чечилет. Башка жолу жок. Бирок жолугушууга камданып алып сунуштар менен барыш керек. Эки тараптын сунушу, талаптары айтылгандан кийин жалпы жыйынтыкка келиши мүмкүн. Тирешүү менен маселе чечилбейт”.

Эксперттер кыргыз-тажик чек арасынан күйүүчү май негизинен аткезчилик жол менен ташылаарын айтып келишет. Ушул күндөрү Тажикстанда бензиндин 1 литри 70 сомго чамалады. Тажикстандын Согд облусу күйүүчү майды дээрлик Кыргызстандан ташыйт деген маалыматтар бар.

Ушул айдын башында Кыргызстандан Тажикстанга 10 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып бараткан кыргызстандык жаран кармалган. Күйүүчү май ташыган автоунаа Лейлек районунун Ак-Арык айылынан Тажикстанга кирип бараткан.

Ал эми 11-мартта Баткенде аткезчиликке каршы операция учурунда УКМКнын эки кызматкери жеңил жаракат алган. УКМКнын өкүлдөрү Баткен районунун Самаркандек айылында ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жатышкан учурда Маширап Абдусаламов аттуу тургун баштаган 20дан ашуун адам контрабандалык жүктүн кармалышына каршылык көрсөтүп, курал колдонушкан деп билдирген.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү 2002-жылы баштаган. Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Суваналиев: Согд облусу менен протоколго кол коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:39 0:00

XS
SM
MD
LG