Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:27

Жаңы Конституцияны колдогон 12, ага каршы үч үгүт тобу түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциянын жаңы долбоорун колдоого үндөгөн жана ага каршы үндөй турган үгүт топтору Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) расмий каттоого алынып, алардын мамлекеттик телеканалдар аркылуу эфирге чыгуу убактысы аныкталды. Бул тууралуу 24-мартта "Азаттык" радиосуна Боршайкомдун маалымат катчысы Руслан Изреков билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын референдумга коюлуучу долбоорун колдогон 12, ал эми ага каршы үгүттөй турган үч топ болду:

"Эртең, 25-марттан тартып алар "КТРК" жана "ЭлТР" телеканалдары аркылуу алгач өз-өзүнчө, ал эми референдумга жакындаганда дебат түрүндө үгүт жүргүзүшөт"

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Жаңы Баш мыйзамдын максаты - өлкөдө президенттик башкарууну орнотуу экени айтылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG