Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Жаңы паспортторду берүү мөөнөтү кечеңдеши мүмкүн


Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.
Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.

Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев жаңы паспортторду берүү жараяны күз айына чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу ал өкмөттүн 18-марттагы жыйынында билдирди.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы чет өлкөгө чыгуучу паспортторду 1-майдан тартып берүү аракеттери жүрүп жатканын кабарлаган.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин ал апрелге жылган.

Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын «Мюльбауэр» (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алган. Бирок принтерлерге байланыштуу техникалык себептерден улам жаңы бланктардын Кыргызстанга келиши кечеңдеп жатат.

Жаңы паспорт боюнча план ишке ашпай жатканы үчүн 9-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алган.

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык паспорт биометрикалык үлгүдө болбогондуктан АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

2021-жылы март айында АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандарына иммиграциялык виза берүүдөгү чектөөлөрдү алып салды. (MiK)

XS
SM
MD
LG