Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Cургутта балдары өрттөн чарчап калган келиндин абалы оор экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Сургут аймагында менчик үйдөн чыккан өрттө чарчап калган беш жана сегиз жаштагы эки баланын сөөгүн 16-мартта Кыргызстанга жеткиришет.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Сургуттагы кыргызстандыктардын диаспорасынын төрагасынын орун басары Аваз Халманбетов маалымдады.

"Биздин диаспора, консулдук менен чогуу акча чогултуп, наристелердин сөөгүн бүгүн жиберип жатабыз. Аларды Оштон атасы тосуп алат экен. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылды. Бирок 15-мартка белгиленген соттук отурумга апасы келе албай калды. Азыр анын абалы оор, психиатриялык ооруканада жатат. Соттук отурум 17-мартка жылды. Келин 1989-жылкы, бир нече жыл мурда 13 жаштагы кызы да кайтыш болуп кетиптир. Эми колундагы эки баласынан ажырап, абалы өтө оор".

Сургуттагы "Здоровье" кооперативинин Брусничная көчөсүндө жайгашкан үйдөн 11-марттын таңында өрт чыккан.

Өрттөн беш жана сегиз жаштагы бир кыз, бир уул уктап жаткан бойдон жан берген.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, өрттүн себептери иликтенүүдө.

Расмий маалыматта Кыргызстандан Орусияга иш издеп кеткен жарандарынын саны 600 миңден жогору. Бейрасмий 1 миллиондон ашуун мигрант бар экени айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG