Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Ооганстанда кыздарга коомдук жерлерде ырдоого тыюу салынды


Ооганстандагы аялдар 8-март акциясында. Кабул, 8-март, 2021-жыл
Ооганстандагы аялдар 8-март акциясында. Кабул, 8-март, 2021-жыл

Ооганстандын Билим берүү министрлиги 12 жаштагы жана андан жогору курактагы кыздарга коомдук жайларда ырдоого тыюу салды. Кабул шаарынын билим берүү департаменти кыздар эркектер катышкан иш-чараларда ырдай албайт деп түшүндүрдү. Тиешелүү кат 10-мартта маалымат каражаттарына чыгып кеткен. Министрлик документ чындыкка туура келет деп бышыктады.

Чечим социалдык тармактарда катуу сынга туш болуп, укук коргоочулар министрлик “гендердик дискриминацияны” жайылтып жатат деп айыпташууда.

Соңку мезгилде ооган бийлиги кабыл алган бир катар консервативдүү чечимдер “Талибан” кыймылынын стилине окшоп барат деген сынга кабылууда.

Билим берүү министрлиги өспүрүм кыздар жалаң аялдар катышкан иш-чараларда ырдай алышат деп кошумчалады. Аларга ырдоону эркек мугалимдер үйрөтө албайт.

Талибдер бийликте турган 1996-2001-жылдары исламга жат көрүнүш деп аялдарга бир топ тыюу салып келген.

XS
SM
MD
LG