Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Аксыда дагы 10 киши ууланып, ооруканага жатты


Кыргызстандагы ооруканалардын биринде. (Иллюстрациялык сүрөт).
Кыргызстандагы ооруканалардын биринде. (Иллюстрациялык сүрөт).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Аксы райондук ооруканасынын дарыгерлери ууланган адамдардын үйлөрүн кыдырып, бейтаптарды аныкташканын маалымдады.

Ошону менен 2-март күнү Кара-Жыгач айылындагы ашканада чогуу тамактанган адамдардын ичинен дагы 10 адам: беш аял, беш эркек 4-март күнү кечке жуук ооруканага жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, баарынын абалы туруктуу орто оор абалда.

2-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылынын жыйырмага чукул тургуну Кара-Жыгач айылындагы ашканада тамактанышып, бешбармак, салат жешкен. Мындан тышкары алар спиртке суу кошуп ичишкен.

3-мартта алардын айрымдары өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Үч адам ооруканага жетпей жолдо, дагы үчөө ооруканага келгенден кийин көз жумган. Бир адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

Азыркы тапта райондук санитардык-эпидемиологиялык кызмат, аймактык оорукананын дарыгерлер иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аксы райондук ички иштер бөлүмү фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG