Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

Жээнбеков: Кандай гана башкаруу болбосун демократия болбосо – төңкөрүш жасалат


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Мамлекеттик башкаруу формасы президенттик болобу, парламенттик болобу, эгер анда демократия сакталбаса, андай бийлик Кыргызстанда жыл айланбай калышы мүмкүн”.

Мындай деген пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн 4-мартта “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” телекөрсөтүүсүндө билдирди:

“Биз бийликтин баарын президентке берип, бирок, демократиялык механизмдерди сактап калбасак, кайра эле жыл айланбай төңкөрүш болот. Азыркы бийлик ушуну эске алып, демократиялык механизмдерди киргизбесе, анда бир күнү Кыргызстанда Конституция да, мыйзамдар да иштебей, көчөнүн мыйзамы иштеп калышы толук ыктымал”.

Равшан Жээнбековдун айтуусунда, Баш мыйзамдын азыркы долбоорунда сөз эркиндигине, тынч чогулуу укуктарына, жарандык коомдун ишмердигине коркунуч алып келүүчү беренелер бар. Саясатчы Баш мыйзамды ушул сыяктуу демократияга доо кетирүүчү коркунучтардан арылтууну сунуштады.

Жээнбековдун пикирине программанын дагы бир катышуучусу, Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жооп берип, долбоордо “цензурага жол берилбейт” деп жазылып турганын айтты. Ал ошондой эле айрым жоболор адеп-ахлак маселесин эске алуу менен киргизилгенин кошумчалады.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.
Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

3-мартта парламенттин жыйынында референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын-пикир менен коштолду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG