Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Орусия Кыргызстанда орусча окуткан 44 мектеп-интернат ачып, мугалим жөнөтмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында орус тарап Кыргызстанга балдарды орусча окута турган 44 мектеп куруу убадасын берди. Бул тууралуу 26-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек иш сапардын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып билдирди:

Анын белгилешинче, гуманитардык жана билим берүү долбоорлору, Кыргызстанда орус тилин сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгы ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маанилүү орунду ээледи:

"Кыргызстандын бардык аймактарында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 44 мектеп-интернатын ачуу боюнча келишим түзүлдү. Билим берүү мекемелеринин курулушу Орусиянын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарга орусиялык педагогдор тартылат".

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатканда кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек деген пикир коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Жапаров ага жооп кайтарып «Орус тили - биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил. Евразия өлкөлөрү менен байланышты жана карым-катнашты орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес» деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG