Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Аба ырайы: Жаан жаайт


Бишкек шаары. Февраль, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Февраль, 2021-жыл.

Кыргызгидромет эскертет: 26-февралга чейин көпчүлүк аймактарда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарга кар, жаан мол жаайт. Ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал. Кээ бир тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл, айдоочулар кыймылдын ылдамдыгын мүмкүн болушунча чектөөгө тийиш.

22-февралда көпчүлүк аймактарда күн жаайт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда: түнкүсүн 0...-5, күндүз 0…+5;
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -3...+2, күндүз +1…+6;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл дубанында: түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда: түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;
Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -19...-24, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +4…+6 градус болот.

XS
SM
MD
LG