Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Жүздөй жүк ташуучу машине "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек күтүүдө


"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекети
"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекети

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 19-февраль, саат 15:00гө карата жүздөй жүк ташуучу унаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы маалымдады. Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат.

"Казак тараптын маалыматына караганда Казакстандын аймагындагы "Карасу-автодорожный" өткөрмө пунктунун көзөмөлдөөчү техникасы иштен чыккандыктан, жүк ташуучу унааларды өткөрүүнүн ылдамдыгы жайлаган".

УКМК Кыргызстан тарапта кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк жок деп билдирүүдө.

Казакстан менен чектешкен башка бекеттерде кезек күтүү катталган жок.

"Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 2020-жылы да жүк ташуучу машинелердин кезек күтүүсү бир нече ирет катталган. Июнь айында кыргызстандык жүздөгөн жүк ташуучу машинелер чек арадан өтө албай, эки өлкөнүн ырасмий жетекчилери түзүлгөн кырдаал боюнча бирин-бири айыпташкан. Ал учурда кыргыз өкмөтүнүн башында Мухамедкалый Абылгазиев турган. Андан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда да кыргыз-казак чек арасында бир нече ирет маселе жаралган.

Кыргыз-казак чек арасында төрт автожол өткөрүү жолдору бар. Алар: Чүй облусундагы "Ак-Тилек", "Чалдовар", "Кең-Булуң" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" бекеттери. (BCh)

XS
SM
MD
LG