Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

"Адилет": Жаңы Баш мыйзамда өкмөттүк эмес уюмдарды чектеген норма бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциянын жаңы долбоорунда мамлекеттин өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө ашыкча кийлигишүүсүнө жол ача турган норма бар. Мындай пикирин 11-февралда "Адилет” укуктук клиникасынын юристтери билдиришти.

Укуктук клиниканын сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча жүргүзүлгөн анализ жарыяланып, анда Конституциянын сегизинчи беренесинин төртүнчү бөлүгү боюнча кооптонуу айтылган жана сунуш кылынып жаткан норма буга чейин парламентте иштелип чыккан мыйзам долбооруна үндөш экени белгиленген.

Юристтердин пикиринде, эгер ошол берене кабыл алынса мамлекеттин саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн кошумча механизмдери мыйзам деңгээлинде калыптанат. “Адилет” клиникасы муну “түздөн-түз басмырлоо” деп атоодо.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Мыйзам долбоору былтыр март айында биринчи окууда жактырылган. Эгер ал кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Депутат Райымкулов мыйзам кабыл алынса элдин баарына ачык маалымат берилерин, эч кандай чектөө болбосун, бул "жеңилдетилген мыйзам" экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG