Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Татар жазуучусу Орусиянын бүтүндүгүнө шек келтирди деп айыпталды


Белгилүү татар жазуучусу жана активисти Фаузия Байрамова.
Белгилүү татар жазуучусу жана активисти Фаузия Байрамова.

Белгилүү татар жазуучусу жана активисти Фаузия Байрамова Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Набережные Челны шаардык соту Байрамовга 30 миң рубль (400$) айып пул төлөөгө милдеттендирди. Байрамова ага тагылган күнөөнү мойнуна алган жок. Жазуучу бир жыл мурда жыйындардын биринде татар тилинде сүйлөгөн сөзү орусчага туура эмес которулганын айтууда.

Анда Байрамова ХХ кылымдагы белгилүү татар активисти Хади Атласинин ырынан алынган саптарды окуган. Анда татарларды өз мамлекетин түптөөгө болгон чакырык бар эле.

Буга чейин Байрамова Татарстандын жетекчилигин «колониалдык администрация» деп атап, татарлар «өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн» жоготуп жатканын айтканы үчүн 10 миң рубль айыпка жыгылган. Ал эми 2010-жылы улут аралык кастыкты козутканы үчүн бир жылга кесилген. Кийин Крымды аннексиялаганы үчүн Орусияны сындап, дагы бир жылга эркинен ажыратылган.

Орусиянын аймактарында өз улуттарынын тилин жана маданиятын өнүктүрүү менен алектенген бейөкмөт уюмдар, активисттер соңку жылдары ар кандай басым-кысымга туш болуп келишет.

XS
SM
MD
LG