Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Абакта каза болгон укук коргоочу Аскаровдун байбичеси жөнүндө тасма тартылды


Хадича Аскарова.
Хадича Аскарова.

Абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова жөнүндө даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу 10-февралда “Азаттык” радиосуна «Voice of Freedom» коомдук фондунун жетекчиси Абдумомун Мамараимов билдирди.

Анын айтымында, Хадича Аскарова таланттуу сүрөтчү. 20 мүнөттөн ашуун даректүү тасманын автору – молдовалык жаш режиссер Марина Шупак. Тасмада маркум укук коргоочунун иши, аялынын ролу тууралуу баяндалат:

“Он жыл ичинде Аскарова күйөөсүнүн иши боюнча ушунчалык көп иш аткарды. Марина Шупак былтыр Молдовадан келип тартып кеткен. Эми фильм чыгып жатыптыр. Хадича Аскарова күйөөсү менен Ташкентте таанышкан. Азимжан Аскаров Көркөм өнөр окуу жайын бүтсө, ал Маданият окуу жайында окуган. Аябай таланттуу сүрөтчү. Өзүн үй-бүлөсүнө арнап койгон жөнөкөй аял ушул он жыл ичинде бара-бара эч нерседен коркпогон укук коргоочуга айланды. Буга Варшавада, Женевада трибунага чыгып, адам укугу боюнча сүйлөгөнү далил”.

“Акыйкаттыкка карай акыркы мүмкүнчүлүк” деген аталыштагы тасма 13-15-февралда “Би-Би-Си” корпорациясынын расмий сайтына чыгат.

Тергөө органдары 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда түрмөдө каза болгон Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

ЖАМК ал эки тараптуу пневмониядан каза болгонун расмий билдирген.

Азимжан Аскаров тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү 2014-жылы Бишкекте 26-июнь - Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. (RK)

XS
SM
MD
LG