Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

АКШ өзөктүк арсеналдарды азайтуу боюнча Орусия менен келишимди узартты


АКШ өзөктүк арсеналдарды азайтуу боюнча Орусия менен келишимдин мөөнөтүн узартты. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Стратегиялык чабуул куралдарын анан ары чектөө жана кыскартуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосундагы келишимди дагы 5 жылга узартуу тууралуу чечим кабыл алынган жарыялады.

"Президент Байден АКШнын өзөктүк куралды жайылтпоо жана аны көзөмөлдөө жаатындагы лидерлик ролун калыбына келтирүү аркылуу өзөктүк коркунучтардан америка элин коргоого убада берген. Бүгүн Кошмо Штаттар бул убаданын өтөөсүнө чыгуу үчүн биринчи кадамды таштады»-деп айтылат Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде Вашингтон менен Москва «New Start» деп аталган келишимди беш жылга узартуу боюнча ички процедураларды аяктаганы жөнүндө ноталарды алмашарын жарыялаган. Өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин бул келишимди узартуу боюнча мыйзамга кол койгон.

Келишимге ылайык, тараптар алыс аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбоого тийиш. Ал 1994-жылы күчүнө кирген СТАРТ келишиминин ордуна түзүлгөн болчу. Он жылдык мөөнөткө түзүлгөн бул келишимге 2010-жылы Прага шаарында кол коюлган. Ал 2011-жылы 5-февралда күчүнө киргендиктен, анын мөөнөтү 2021-жылы 5-февралда аяктамак.

Бул келишим өзөктүк куралдарга көзөмөл кылуу жаатындагы Москва менен Вашингтондун ортосундагы сакталып келе жаткан акыркы келишим болуп саналат.

XS
SM
MD
LG