Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Сот Навальныйды колонияга жөнөттү


Алексей Навальный. Москва, 2-февраль, 2021-жыл.
Алексей Навальный. Москва, 2-февраль, 2021-жыл.

2-февралда Москва соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Оппозиционерге 2014-жылы өкүм чыгарылган шарттуу жаза эми үч жарым жыл түрмөгө алмаштырылды. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган.

Сот Навальный шарттуу жазага ылайык алынган милдеттенмелерди аткарган эмес деп тапты. Бул чечимди сотто талашса болот.

Федералдык жаза аткаруу кызматы Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду деп 29-декабрда ага издөө жарыялаган. Сыноо мөөнөтү 30-декабрда аяктаган.

Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган. Эртеси Химкиде өткөн сот аны 15-февралга чейин убактылуу тергөө абагына камаган.

Навальный 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча көз боёмочулук үчүн айыпталып шарттуу кесилгенде беш жылдык сыноо мөөнөтү чегерилген. Кийин ал мөөнөт дагы бир жылга узартылган. Саясатчы бул ишти жана өкүмдү саясий мүнөздө деп эсептейт.

Европанын адам укуктары боюнча соту ал өкүм мыйзам бузуу менен чыгарылган деген көз карашта.

Оппозициячыл саясатчы 20-августта Томск шаарынан Москвага баратканда өзүн жаман сезип, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген.

Орусиялык дарыгерлер аны ууландыруу боюнча дооматтарды четке кагып келатышат. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальныйдын аскердик «Новичок» тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныкташкан. Батыш бул ишти калыс иликтөөгө чакырып келатат.

Жыл этегинде «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында Орусиянын атайын кызматы – ФКК (орусча ФСБ) турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

23- жана 31-январда Орусиянын жер-жерлеринде Навальныйды колдогон ири нааразылык жыйындары өттү. Полиция аларды аёосуз ыкма колдонуп таркатты. Маалыматтарга караганда, бир нече миңдеген киши кармалды.

XS
SM
MD
LG