Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Иран кыйраган учактын жүргүнчүлөрүнүн жакындарына 150 миң доллардан төлөп берет


Учактын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.
Учактын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.

Иран жыл башында атып түшүрүлгөн Украинанын учагында каза болгон 176 адамдын жакындарына 150 миң доллардан төлөп берет. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн 30-декабрда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Бийлик тиешелүү каражатты бөлүүнү чечкен.

Украина эл аралык аба жолдору компаниясына таандык «Боинг» учагы быйыл 8-январда Тегерандан Киевге учуп чыккандан көп өтпөй кыйрап түшкөн. Бортто Украинанын, Канаданын, Британиянын, Ооганстандын жана Ирандын жарандары болгон.

Ирандын бийлиги учакты атып түшүргөнүн алгач мойнуна албай жатып, төрт күндөн кийин гана бул кокустук болгонун билдирген.

Окуя ирандык генерал Касем Сулейманинин АКШнын аба соккусунан мерт болгонуна байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турган учурда болгон.

XS
SM
MD
LG