Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

УКМК санаторийди басып алууга Ташиевдин тиешеси жок экенин билдирди


Жалал-Абаддын курортундагы санаторий. Архивдик сүрөт.
Жалал-Абаддын курортундагы санаторий. Архивдик сүрөт.

18-19-декабрда Жалал-Абад шаарынын курортунда жайгашкан санаторийди басып алуу аракетине бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында "«Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу С.Күчүков жана ал санаторийдин директорунун милдетин аткаруучу кылып мыйзамсыз дайындаган Э.Айтиев жооп топ менен имараттын администрациясына күч менен кирип, жетекчинин иш бөлмөсүн ээлеп алууга аракеттенген. Бирок санаторийдин директорунун милдетин аткаруучу Б.Сатыгулов келгендерге буйруктун жасалма экенин айткан. Ал санаторийдин директору М.Абышкаев ооруга байланыштуу эс алууда экенин, анын кызматтан алынышы мыйзамсыз экенин билдирген" деп жазылган.

Ошондой эле имаратка киргендер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосун алганы тууралуу сөздөрдү айтышканы белгиленген. Мекеме Ташиевдин бул окуяга тиешеси жоктугун жана басып алуу боюнча эч кандай тапшырма бербегенин кошумчалады. Эми анын атынан мыйзамсыз аракеттерге барган адамдарга катаал чаралар көрүлө турганын эскертти.

Материалдар Кылмыш кодексинин 208-беренеси ("Өзүм билемдик же имаратты басып алуу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы сотко чейинки териштирүү иштерин баштаганы, Күчүков жана Айтиев милицияга жеткирилгени кабарланды.

Санаторийди басып алууга аракеттенди деген тараптан комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек.

Жалал-Абад санаторийинин жетекчисинин кызмат ордуна байланыштуу талаш 2017-жылдын майында да орун алган. (NT)

XS
SM
MD
LG