Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Новиков: Өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткарат


Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.

Кыргызстандын өкмөтү социалдык жана тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткарууну улантат.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 19-декабрда ушул айдагы бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоо маселеси талкууланган кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн пенсияларды төлөө боюнча бардык милдеттенмелери жабылды. Бул маселе боюнча бизде тобокелдиктер жок. Мамлекеттик салык кызматы декабрга карата камсыздоо төлөмдөрү боюнча планды аткаруу үчүн бардык чараларды көрүшү керек», - деген Артем Новиков өкмөт тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдеттенмелерин да аткарат деп айтты.

17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан. Анын мындай маалыматы талкуу жараткан.

18-декабрда Социалдык фонддун басма сөз кызматы маалымат таратып, 2020-жылы декабрда пенсиялык төлөмдөргө жалпысынан 4 миллиард 156 миллион сом талап кылынарын, учурда жалпы төлөмдөрдүн 95% ишке ашып, жакын арада баары төлөнүп бүтөрүн жарыялады. Январда пенсия кечиктирилбей берилерин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG