Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Новиков энергетика тармагында авариялар болушу мүмкүн экенин эскертти


 Артем Новиков.
Артем Новиков.

Кыргызстанда күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөөнүн жогорулашы энергетика тармагындагы аварияларга алып келиши ыктымал.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 18-декабрда энергетика тармагынын ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Ал калкты кыш мезгилинде элди электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо керектигин айтты:

«Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана калк арасында электрди үнөмдөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү маанилүү. Керектөө көлөмүн кыскартуу зарыл. Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын негативдүү өнүгүүсүнө даярдык кандай экендигин баалоо керек, - деди Артем Новиков.

Анын маалыматына караганда, соңку кезде өлкөдө аба ырайына байланыштуу электр энергиясын колдонуу күн сайын белгиленген лимиттен ашып жатат. Акыркы күндө эле план боюнча 49,8 млн кВт саат каралган болсо, иш жүзүндөгү керектөө 58 млн кВт саатты түздү.

Новиков «Газпром Кыргызстан» компаниясына Бишкек шаарындагы конуштарды газдаштыруу боюнча иштерди тездетүүнү сунуш кылды.

«Ак-Жар» конушун электр жарыгы менен туруктуу камсыздоо үчүн кошумча линиялар куруларын кошумчалады.

Бишкектин четиндеги Ак-Жар жана Ак-Бата конуштарынын тургундары электр энергиясы тынымсыз өчө бергенине нааразы болуп, 15-декабрда кан жолду тосушкан. (NT)

XS
SM
MD
LG