Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Молдовада орус тилине кайрадан расмий макам берилди


Игорь Додон.
Игорь Додон.

Молдовада орус тилине улут аралык баарлашуунун тили деген макам кайрадан берилди. Мындай мыйзамды бийликтен кетип жаткан президент Игорь Додон кол койду. Молдовада 2018-жылга чейин орус тилинин макамын өлкөнүн Конституциялык соту эскирген норма деп таап, четке какка эле. Ошондой эле бул өлкөдө орус телеканалдары да көрсөтүлө баштайт. Эки жыл мурун телекөрсөтүүлөр да токтотулган.

Акыркы өзгөртүүлөрдү Молдованын парламенти кабыл алган. Оппозиция бул чечимдерди кабыл алууга каршы чыгып, бойкот кылган. Парламенттин алдында оппозициянын акциялары өткөн.

Молдовада президентти шайлоонун экинчи айлампасы 15-ноябрда өткөн. Анын жыйынтыгында өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду орусиячыл азыркы президент Игорь Додонду жеңип чыккан. Кийинки аптада Санду ант берип, президенттик кызматка киришет.

Санду өлкөнүн Европа менен жакындашуусун жактайт.

XS
SM
MD
LG