Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Токмокто өгөй атасы зордуктаганы айтылган өспүрүм кыздын окуясы териштирилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарында өгөй атасы эки жылдан бери зордуктаганы сөз болуп жаткан 15 жаштагы өспүрүм кыздын окуясы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Назира Имангазиева маалымдады.

«2020-жылдын 5-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке барган.

Териштирүү учурунда 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айларында өгөй атасы зордуктаганын айтып, апасы жана эжелеринин бири болуп, ич ара урушуп жатышкан.

Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды», - деп билдирди Имангазиева.

Баштапкы маалыматка караганда окуя болгон күнү өспүрүм кыз, апасы жана туугандарынын бири ички иштер органдарына жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң үйүнө апасы менен бирге кайтуудан баш тарткан.

Токмок шаардык милициясынын жаш өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциясы кызды атайын өспүрүмдөр жашоочу жайга жайгаштыруу боюнча Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Зарыл болгон бардык соттук медициналык экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Тоң районунда 13 жаштагы секелек зордукталып, ага күч колдонгон үч киши экөө сотто акталып чыккан, бирөө 7,5 жылга кесилген.

Жазаны жеңилдеткен райондук судья Сабыр Сооданбековго нааразылык күчөп, ЮНИСЕФ балдар менен кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотууга чакырган атайын билдирүү тарткаткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG