Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Британия менен Евробиримдик Брекзиттен кийинки соода боюнча сүйлөшүүнү улантат


Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Улуу Британия жана Европа Биримдиги Брекзиттен кийинки соода жүгүртүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн мөөнөт менен чектебей, улантууну чечишти. Бул тууралуу Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди. Буга чейин Британиянын жана Евробиримдиктин жетекчилери 13-декабрга чейин сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоо боюнча мөөнөт коюшкан.

Европа комиссиясынын төрайымы: «Акыркы күндөрү биздин сүйлөшүү жүргүзгөн топтор күн-түн дебей иштешти. Бир жылга созулган диалогдон кийинки чарчаганына, ар бир жолу мөөнөттүн аяктап калганына карабай дагы бир чакырым жол жүрүүнү жоопкерчиликтүү кадам болот деп эсептейбиз», - деп билдирди.

Бирок британ премьер-министри Борис Жонсон сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болгону менен эки тараптын ортосундагы соода алакаларын Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында жүргүзүүгө даяр болууга чакырды.

Британия Евробиримдиктен ушул жылдын январында чыгып кеткен. Бул жараяндан кийинки соода жүгүртүүнүн эрежелери боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бере элек. Британия өзүнө таандык сууларга европалык балыкчылардын киришине каршы болуп жатат. Ошондой эле расмий Лондон өнөр жайы жана экология боюнча саясатты өз алдынча жүргүзүүнү каалайт.

Эгер быйыл 31-декабрга чейин эки тарап мунасага келип, келишим кабыл алынбаса, анда Британия менен Европа Биримдигинин соода мамилеси Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Анда тараптардын чек арасында бажы көзөмөлү орнотулуп, товарлар менен кызмат көрсөтүүдөн төлөмдөр алынышы керек.

XS
SM
MD
LG