Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Казакстан депутаттын билдирүүсүнө байланыштуу Орусияга нота жиберди


Мамлекеттик Думанын депутаты Вячеслав Никонов.
Мамлекеттик Думанын депутаты Вячеслав Никонов.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никонов «Биринчи каналдагы» программалардын биринде сүйлөп жатып «Казакстандын аймагы Орусия тараптан берилген чоң белек» деп айткан. Депутат Думадагы Билим жана илим комитетин жетектейт. Буга байланыштуу тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыков Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Комаров менен жолукту.

Министрлик 12-декабрда тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат:

«Айрым орусиялык саясатчылардын Казакстанга карата чагымчыл билдирүүлөрүнүн көбөйүшү биздин мамлекеттер ортосундагы алакага олуттуу кедергисин тийгизип жатат. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия мындай билдирүүлөргө адекваттуу баасын берет деп күтөт».

Көп өтпөй Вячеслав Никонов «Твиттердеги» баракчасы аркылуу Казакстан элине «жылуу сезимдерин» билдирген.

XS
SM
MD
LG