Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

Кийинки жылы бюджеттин тартыштыгы 8,5 миллиард сомдон ашары болжолдонууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент 10-декабрдагы сессияда Кыргызстандын 2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды.

Жыйында бюджет тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 миллиард сом, чыгашасы 181,3 миллиард сом деп эсептелинди. Дефицит 8,5 миллиард сомдон ашат деген божомол бар. Бул көрсөткүч ички дүң продукциянын 1,4% барабар болот.

Жогорку Кеңеш 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун 25-ноябрда биринчи окууда колдогон.

Анда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 2021-жылы экономиканы санариптештирүүгө 500 млн. сом, мамлекеттик ипотеканы өнүктүрүүгө да 500 млн. сом, чек арага чектеш аймактарга 100 млн сом, медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү үчүн 500 млн. сом бөлүнөт деп билдирген.

Өкмөт келерки жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо.

Жогорку Кеңештин бир катар депутататтары 2021-жылга карата бюджетти реалдуу эмес деп сынга алышкан.

10-декабрда дароо экинчи, үчүнчү окуудан өткөн мыйзам долбоору президенттин милдетин аткаруучу кол койгондон кийин күчүнө кирет. (NT)

XS
SM
MD
LG