Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Ирандын сот системасынын мурдагы башчысы Мухаммад Язди дүйнөдөн кайтты


Мухаммад Язди.
Мухаммад Язди.

Ирандын сот системасынын ультраконсервативдүү маанайдагы мурдагы башчысы, 89 жаштагы Мухаммад Язди дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги билдирди.

Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейнинин шакирти болгон Язди 9-декабрда кайтыш болгону, ал ашказан оорусунан жапа чегип келгени кабарланды.

Мухаммед Язди Ирандын сот системасынын башчысы болуп 1989-жылы Хомейни өлгөндөн кийин бийликке жогорку диний лидер аятолла Али Хаменейи келгенде дайындалган.

Язди бул системаны он жыл, 1999-жылы студенттердин нааразылык акцияларынан кийин кызматтан алынганга чейин башкарган.

2015-жылы Эксперттер ассамблеясын жетектеген.

Ал Ирандагы эң консервативдүү диний ишмерлердин бири деп эсептелет. Ирандын мурдагы президенттери Мухаммад Хатамиге оппозиция болсо, Махмуд Ахмадинежадды колдогону белгилүү.

XS
SM
MD
LG