Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

Президенттин милдетин аткаруучу Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолукту


Талант Мамытов баштаган кыргыз парламентарийлеринин Орусиядагы мигранттар менен жолугушуусу. Москва, Орусия.
Талант Мамытов баштаган кыргыз парламентарийлеринин Орусиядагы мигранттар менен жолугушуусу. Москва, Орусия.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин аппараты кабарлады.

Мекендештер менен уюштурулган кездешүүдө Мамытов Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча көрүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Ошондой эле миграциялык өз ара байланыш, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарын толук калыбына келтирүү, кыргызстандык эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Андан сырткары Талант Мамытов Жогорку Кеӊештин төрагасынын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады.

Жолугушуунун соңунда төрага мекендештердин сунуш-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди.

Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен барышты. Бул аралыкта кыргызстандык делегация Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештининин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев баштаган расмий жетекчилер менен жолукту.

Бул - Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки чет өлкөгө жогорку деңгээлдеги биринчи расмий сапары. (ErN)

XS
SM
MD
LG