Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Байтиктеги мектеп-интернатта балдар тамакка ууланды


Кыргызстандын «Тез жардам» кызматынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын «Тез жардам» кызматынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-интернаттын 23 тарбиялануучусу тамакка ууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, сегиз жаштан 20 жашка толо элек балдар 9-декабрга караган түнү №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

«Тамакка ууланышкан экен. Ооруканга жеткирилип, ашказандары тазаланды. Баштапкы маалыматка карганда мектеп-интернаттын балдары экен. Азыр иликтөө иштери башталды. Балдардын абалы туруктуу», - деди ал.

Кыргызстанда 2018-жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилиги айыпка жыгылган.

Андан бери да аймактарда жана борбор калаада ар кайсы мекемелерде 20-30дай киши ууланган учурлар катталып келет. (ErN\AiA)

XS
SM
MD
LG