Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:34

Артем Новиков Баткендеги өрттөнгөн мектептен кабар алды


Өрттөнүп жаткан Чоң-Талаа орто мектеби. Баткен. 7-декабрь, 2020-жыл.
Өрттөнүп жаткан Чоң-Талаа орто мектеби. Баткен. 7-декабрь, 2020-жыл.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткенде 7-декабрда башталган жумушчу сапарында Чоң-Талаа айылында таңга жуук өрттөнүп кеткен мектепке барды. Ал мектептин абалы менен таанышкан соң, Лейлекке жөнөп кетти.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, Новиков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырган.

«Мектептин имаратын калыбына клтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет», - деди Артем Новиков.

7-декабрдын таңында Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектепте өрт чыгып, бир окуу корпусу толугу менен өрттөнүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-декабрдын таңында чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген.

Артем Новиков 7-декабрда Баткенге жумушчу сапары менен барып, Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда өндүрүш ишканалары менен таанышты. Андан тышкары Кадамжайда Өзбекстан куруп берген 200 орундуу ооруканага барды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Артем Новиковдун облустагы сапары Лейлек районунда уланат. Ал оңдоп-түзөөдөн кийинки «Исфана» аэропортунун ачылыш аземине катышат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактардын жетекчилеринин жыйынына катышат. Жыйын Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзбекстандын акимдеринин деңгээлинде өтөрү күтүлүп жатат.

Мындан тышкары Новиков Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышып чыгары да айтылды.

Новиков 5-декабрда Нарын облусуна барып, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекетинин ишин көрүп кайткан. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG