Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

8-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11 градус болот.

8-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° суук болот.

XS
SM
MD
LG