Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Шайлоо: талапкерлердин жарымы жолдон кайтты


Бишкек.
Бишкек.

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген 21 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды тапшырды. Алардын ичинен бирөө жетиштүү кол топтой алган жок жана шайлоо күрөөсүн да төккөн эмес.

2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо Кыргызстанда айрым жаңы эрежелер жана саясий кырдаал курчуп турган маалда өткөнү жатат.

Орто жолдон артка кайткандар

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-декабрда президенттикке талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандардан шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды кабыл алууну токтотту. Боршайкомдун маалыматына караганда, алардын ичинен 21 жаран баракчаларды тапшырды. Алды 60 миңге, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын өткөрүп берди.

Президенттикке талапкер Саматбек Ибраевдин (15 миң 33 кол тамга топтогон) чогулткан кол тамгалары белгиленген чекке жетпей калгандыктан өзүнө кайтарылды. Ал ошондой эле 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн да төккөн эмес. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер болом деген адам 30 миңден аз эмес, 60 миңден ашпаган кол тамга чогултушу керек.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген 20 киши жетиштүү кол топтоп шайлоо күрөөсүн төктү. Алар: Клара Сооронкулова – 33 458, Аймен Касенов - 46 270, Бабыржан Төлбаев – 59029, Адахан Мадумаров - 39 856, Садыр Жапаров - 59 998, Равшан Жээнбеков - 39 874, Рашид Тагаев – 40 651, Элдар Абакиров – 43 630, Жеңишбек Байгуттиев – 51 896, Арстанбек Абдылдаев – 47 998, Курсан Асанов – 43 864, Бактыбек Калмаматов – 35 300, Мыктыбек Арстанбек – 33 083, Абдил Сегизбаев – 55 480, Улукбек Кочкоров – 43 804, Кубан Чороев – 39 053, Кубанычбек Токтосунов – 30 106, Канатбек Исаев – 38 987, Каныбек Иманалиев – 35 658 жана Имамидин Ташов – 35 493.

Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Кол тамгаларды кабыл алуу жана аларды текшерүү боюнча Боршайкомдун жумушчу тобунун катчысы Айдай Русланова мындан аркы иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

«БШКнын бардык мүчөлөрү, Мамлекетттик каттоо кызматынын, жана Соттук экспертизалар кызматынын эки өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Бизге бүгүнтөн баштап кол тамгалардын аныктыгын текшерип чыгыш үчүн сегиз күн берилет».

Башында шайлоого президенттикке талапкер катары катышуу ниетин 65 киши билдирген. БШК мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаттары жок жана соттуулугу бар деген негизде 12 жарандын документтерин кайтарып берген. Калгандары ар кандай себептер менен арызын артка чакыртып алды.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Шайлоодо №2 форма колдонулбайт

Пандемия маалында ушуну менен Кыргызстанда экинчи жолу шайлоо өткөнү турат. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо массалык иш-чараларга, стадиондордо оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынган.

Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттик шайлоодо да үгүт иштеринде бир катар чектөөлөр киргизилерин билдирди.

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Үгүт өнөктүгү Республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритм боюнча болот. Жолугушуулар жана ага келген адамдардын саны аларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча штабдын сунушун эске алуу менен өткөрүлөт. Андан тышкары шайлоого байланыштуу БШКдан жалпыга маалымдоо каражаттарынан 217 субъект каттоодон өткөн. Алардын ичинен 72си Интернет басылмалар. Калгандары радио, телевидение жана гезиттер. БШКнын расмий сайтына ар бир талапкердин шайлоо алдындагы программасы да жайгаштырылат. Бул да шайлоочулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот».

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январына белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо өлкөдө саясий абал чыңалып турган тапта жана айрым жаңы эрежелер менен өткөнү жатат.

11-ноябрда «Президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстанда №2 форма документи менен добуш берүү жокко чыгарылган. Мындай ыкма менен чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар гана шайлоого катыша алат.

Шайлоону уюштуруу маселелерине жооптуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов Талас облусуна жасаган иш-сапарында ушул маселени көтөрдү

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Бул шайлоодо №2 форма деген болбойт. Жарандар өздөрү катталган аймактан гана добуш бере алат. Бирок борбор калаадагы жаңы конуштарда жашаган адамдар боюнча маселе чыгып жатат. Алардын каттоосу жок. Эми кандай боло ал башка маселе. Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылыш үчүн шайлоочулардын тизмесин так түзүшүбүз керек. Андыктан биометрикалык каттоодон өтө электер болсо өтсүн».

БШК шайлоо комиссиясы жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт алган жарандар калкты тейлөө борборлоруна барып жашаган жерин өзгөртүп алса болорун кабарлады. Ал эми эски үлгүдөгү ID-карт паспорт менен жүргөндөр жашаган аймагын өзгөртүш үчүн паспортун алмаштырууга туура келет.

Боршайком тараткан маалыматка караганда, президенттик шайлоого байланыштуу 2 475 шайлоо тилкелери ачылат. Анын ичинен 45и чет өлкөлөрдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 миллион 544 миң шайлоочу каттоодо турат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон бери бул сан дээрлик жарым миллионго – 518 миңге көбөйдү.

Участкалык комиссия мүчөлөрүнүн жалпы саны 31 миң 150, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 650 адамды түзөт. Операторлор 1987, техникалык колдоо тобу 600 адам. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынат.

«Шайлоонун эртесин да ойлонуш керек»

Президенттик шайлоо Кыргызстанда октябрь окуялары, андан кийин көтөрүлгөн конституциялык реформа боюнча талаш-талкуу токтобой саясий абал курчуган маалда өткөнү турат.

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков бул жолку саясий жараяндын маанилүүлүгүнө токтолду,.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

«Эмки жылы президенттик эле эмес Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин да шайлоосу бар. Андан сырткары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум турат. Келерки жыл ушундан улам саясат күчөгөн жыл болот. Кыргызстанда 100-1000 кишини алып келип көчөдө таш ыргыттырып алган эмес мыйзамдын бийлиги болушу керек. Бүгүн тескерисинче, мыйзамдуулук жок. 10-январдагы шайлоонун эртеси 11-январь бар. Ошону ойлошубуз керек. Эгерде ушундай жол менен кете берсек, жаңы шайланган президент бир жыл иштейт. Анын аягы кыргын менен бүтүшү мүмкүн».

Шайлоонун үгүт иштери баштала элек жатып шайлоого талапкер катары барууну каалаган жарандар буга чейин бардыгына бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын айтып арызданышкан.

Анткен менен саясатчы Кубанычбек Кадыров бийлик шайлоону таза өткөрөт деп ишенет.

«Үч жолку революция тең шайлоолор мыйзамсыз өткөнү үчүн болгон. Шайлоо таза өтпөсө да ызы-чуу болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул жолу бийликтин административдик ресурсу иштебейт. Мен бийлик буга чейинки катаны кайталабайт деп үмүт кылам».

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

XS
SM
MD
LG