Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Парламентте маркум Каныбек Исаковдун ысымын ОшМУга ыйгаруу сунушталды


Маркум Каныбек Исаков. 2020-жылдын сентябрында тартылган сүрөт.
Маркум Каныбек Исаков. 2020-жылдын сентябрында тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев коронавирус пандемиясы коомдогу чыгаан инсандардын өмүрүн алганын айтты. Алардын бири - мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун билим берүү тармагына кошкон салымы чоң экенин белгиледи. Ал маркумдун ысымын Ош мамлекеттик университетине ыйгарууну сунуш кылды:

«Бул инсандын атын түбөлүккө калтыруу максатында Ош мамлекеттик университетине ыйгарууну сунуш кылам»,- деди Жанарбек Акаев.

51 жаштагы Каныбек Исаков 12-ноябрда коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония оорусунан кайтыш болгон.

Исаков Кыргызстандын билим берүү тармагына чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келген жетекчи, үзүрлүү эмгектенген илимпоз жана коомдук ишмер катары таанылган.

Кыргызстанда марттан бери коронавирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 933 адамды түздү. Анын 65 589 киши сакайганы айтылды. Илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1281 кишиге жетти.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2689 бейтап стационарда, 3570 киши үй шартында дарыланууда. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG