Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:29

Атамбаевдин жактоочулары аны тез арада бошотуу тууралуу арыз менен райондук сотко кайрылышты


Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт «GOVORI.TV» каналын видеосунан алынды.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт «GOVORI.TV» каналын видеосунан алынды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колониядан эркиндикке тез арада чыгаруу тууралуу кайрылуу арызы менен анын жактоочулары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу 1-декабрда «Азаттык» радиосуна адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев колонияга Батукаевдин иши боюнча отургузулган жана 30-ноябрда Жогорку сот мурдагы президентти күнөөлүү деп тапкан өкүмдөрдү жокко чыгаргандыктан ал эркиндикке дароо бошотулушу керек болчу.

«Алмазбек Атамбаев колонияга Батукаевдин иши боюнча гана отургузулган, - деди ал. - Ал чечим жокко чыкты. Жогорку соттун чечими жарыяланган учурдан тартып дароо күчүнө кирет жана аткарылышы керек. Жогорку сот чечимин райондук сотко жиберет. Райондук сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кагаз жибериши керек. Адамдын эркиндикке болгон укугуна байланыштуу маселе бюрократиясыз тез арада чечилиши керек».

Жоошев Жазык-процесстик кодекстин 421 жана 441-беренелерин жүйө келтирип, райондук сот анын кайрылуусуна эртең, 2-декабрда жооп бермей болгонун айтты.

ЖАМКка Атамбаев боюнча эч кандай документ келип түшпөгөнүн «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Атамбаевдин бөгөт чарасы тууралуу маселе иш райондук сотто кайра териштириле баштаганда гана, эгерде жактоочулардан өтүнүч келип түшсө караларын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, азырынча иш райондук сотко жөнөтүлө элек жана буга мыйзам боюнча чечим чыккандан кийин беш күнгө чейин убакыт берилет.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү жөнүндө чечим чыгарган. 2019-жылдын август айында кармалып, алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган Атамбаев быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган. Аны менен кошо дагы бир топ адам жазаланган, бирок алар түрмөгө кесилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG