Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

СПИД дүйнө жүзү боюнча 33 миллиондой адамдын өмүрүн кыйды


Бул оору менен дүйнө жүзүндө 38 миллиондон көп адам ооруйт.
Бул оору менен дүйнө жүзүндө 38 миллиондон көп адам ооруйт.

Бүгүн, 1-декабрь - СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын (ЮНЕЙДС) аткаруучу директору Винни Бьянима атайын кайрылуу таратты. Анда БУУнун өкүлү адамзаты айрыкча коронавирус пандемиясы маалында ВИЧ инфекциясына каршы күрөштөн сабак алышы керек экенин, дарылануу, дары-дармек, вакцина менен камсыз болуу байлардын гана энчисине тийбей турганын билиши зарыл экенин билдирди.

Бьянима өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө миллиондогон адам бул айыккыс дарттан дарыланууну күтүп жатып көз жумганын эскертти. Ал ошондой эле коронавирус пандмиясынын айынан соңку 20 жылда ВИЧке каршы күрөштөгү жетишкендик кайра артка кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Уюмдун эсебинде, COVID-19дан улам саламаттык сактоо тармагы каатчылыкка кабылып, дүйнө жүзүндө 2022-жылга чейин дагы 293 миңден көп адамга ВИЧ жугуп, 148ге чукул бейтап ажал табышы ыктымал.

БУУнун маалыматына ылайык, былтыр ВИЧке кабылган 12 миллион адам убагында керектүү дары-дармек ала алган эмес. Ошондой эле 2019-жылы бул илдетке дагы 1,7 миллион киши кабылган.

1980-жылдардын башынан бери СПИД пандемиясы учурунда 33 миллиондон ашык адамдын өмүрү кыйылды. Бул оору менен азыр дүйнө жүзүндө 38 миллиондон көп адам ооруйт.

СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күн 1988-жылдын 1-декабрынан тартып белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG