Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:07

COVID-19: Бир күндө дагы төрт бейтап кайтыш болду, вирус 371 кишиден табылды


Кыргызстандагы убактылуу стационарлардын бири. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы убактылуу стационарлардын бири. Июль, 2020-жыл.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Ош облусунда эки, Чүй облусунда бир, Талас облусунда бир өлүм катталды.

Бир күндө дагы 371 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 178 адамды түздү. Анын 64711 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 562 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1275 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2636 бейтап стационарда, 3765 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG