Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

ВИЧ-СПИДди базарларда акысыз текшерүү учурунда сегиз кишиден оору табылды


ВИЧ-СПИДге байланыштуу иллюстрациялык сүрөт.
ВИЧ-СПИДге байланыштуу иллюстрациялык сүрөт.

Сентябрь айынан бери баш калаадагы жана Чүй облусундагы ири базарларда ВИЧ-СПИД, гепатиттин В,С түрү, сифилис ооруларына карата акысыз көчмө текшерүүлөр болду. Натыйжада сегиз кишиден ВИЧ оорусу табылды.

Республикалык «СПИД» борборунун директору Үмүткан Чокморова «Азаттык» радиосуна бул тууралуу кабарлап, үч айдын ичинде 1,5 миңдей адам текшерүүдөн өткөнүн айтты.

Азыркы тапта өлкөдө беш көчмө лаборатория орнотулган топ машине менен кыдырып, жугуштуу ооруларга акысыз текшерүүдө.

Бул машинелер Орус-Кыргыз кызматташтык фонду тарабынан Кыргызстанга берилген.

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.

Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG